Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматтан алынган.
Бирок, сөз министрдин кайсы аракети жөнүндө экени айтылган эмес.Мындан көп өтпөй соцтармактарда Орозов алкоголдук ичимдик ичип алып унаа башкарганы тууралуу маалыматтар тарап, видеолор жарыяланган.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы аталган окуя боюнча маалымат берип, окуя 14-декабрь күнү болжол менен саат 01:40 чамаларында болгонун билдирди.
«Кызматкерлер Кой-Таш айылынан “Тойота камри” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны башкарып бара жаткан 1986-жылы туулган О.Б.С. аттуу айдоочуну текшерүү маалында айдоочудан спирттик ичимдиги жыттангандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын борбордук наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өтүп, айдоочу спирттик ичимдигин ичип алганы тастыкталган. Айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексин 193-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, унаасы убактылуу айып төлөөчү жайына токтотулган»,-деп жазылат маалыматта.
Орозов бул кызматка 2025-жылдын май айында дайындалган. Буга чейин президент Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүп, Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

