15-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын башкы кеңсесинде күч түзүмдөрүнүн 60 генералы менен жолугушту.Мындай жолугушуу өлкө тарыхында биринчи жолу болгону белгиленди.

Генералдарды төрагасы чай үстүндө кабыл алып, пикир алышты.

«Бүгүн, өлкө башчыбыз С.Жапаровдун тапшырмасы менен сиздерге жөн гана сый көрсөтүп коелу дегенбиз. Өлкө тарыхында мындай жолугушуу биринчи жолу болуп жатат. Бул жолугушуунун эч кандай саясий же башка багытта байланыштыруунун кереги жок. Жөн гана сиздерге болгон сый-урмат катары кабыл алыңыздар. Бул жерде отурган ар бир генерал убагында жетекчилик кызматтарды аркалап, өлкө тарыхында буга чейин болуп келген ар кандай жагдайларга күбө болгонсуздар жана кызматыңыздарды кылгансыздар. Андыктан сиздердин эмгек эч качан унутта калбайт!”- деп айтты Ташиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө генералдардын ар бирине президенттин атынан акчалай сыйлык берилди.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *