Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, «Чакан ГЭС» ААКы Ысык-Көл облусунда электромобилдер үчүн 10 кубаттоочу станция орнотууну пландаштырууда.
Азыр станцияларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин ижарага алууга керектүү уруксат документтери даярдалып жатат, долбоор ишкананын өз каражаты менен каржыланат.
Станциялар Балыкчыда (2), Бөкөнбаевде (1), Кызыл-Сууда (1), Караколдо (2), Түптө (2) жана Чолпон-Атада (2) жайгашат. Документтер бүткөндөн кийин курулуш-монтаж иштери башталып, объектилерди жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

