Ош шаарынын мэриясы менен Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын ортосунда концессиялык келишимге кол коюлду.
Келишимге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана аталган компаниянын жетекчиси Дай Даого кол коюшту.
Келишимдин алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Аталган завод жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
Долбоордун алкагында жакынкы күндөрү мезгил кутусу салынып, заводду 2027-жылдын аягында ишке берүү пландалууда.

