Москва шаарында ЖККУнун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков Россиянын коргоо министри, ошондой эле ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин төрагасы Андрей Белоусов менен жолугушту.
Жолугушууда Уюмдун жоопкерчилик аймагындагы жана чек араларындагы саясат жана коопсуздук маселелери, ошондой эле союздаш өлкөлөрдүн аскердик потенциалын чыңдоо темалары талкууланды.
Таалатбек Масадыков 2026-жылга карата пландалган иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалымат берип, Россиянын ЖККУга төрагалык кылуусунун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу маселелери каралды.
Андрей Белоусов азыркы татаал аскердик-саясий кырдаалда ЖККУнун чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам жооп берүүгө даяр болушу маанилүү экенин баса белгиледи.
Ошондой эле, ал Таалатбек Масадыковду ЖККУнун Башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү Уюмду мындан ары чыңдоого салым кошоруна ишенимин билдирди.

