Кыргызстан Франция менен түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидиновдун Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуусунда айтылды.
Эгер иш оңунан чыкса каттамдарды француз авиакомпаниялары ишке ашырат деп пландалууда. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы эл аралык маршруттарды кеңейтүүгө жана өнөктөштөр менен иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Бирок Кыргызстан азырынча Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыга элек. Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Кыргызстандын авиациясы 2026-жылдын май айында “кара тизмеден” чыгарылат деп күтүлүп жатканын айткан.

