Туруктуу жумушу жана диплому жок 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандарды №4 кесиптик лицейине кабыл алуу башталды.
Сабактар курулуш тармагында суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча теория жана практика менен айкалышып өтүлөт.
2 жыл 10 айлык жана үч айлык окууну аяктагандан кийин шаар бийлиги тарабынан жумуш орундары сунушталат.
Каалоочулар электромеханик, ширетүүчү, мебель уста, сантехник, шыбакчы, кыш калоочу ж.б. кесиптерди үйрөнүп чыгат.
Алыстан келип окугандар үчүн жол кире төлөп берүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

