УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, «Эркечтам» өткөрмө бекети 15-февраль кечки саат 8ден 19-февралга чейин, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту 17-февралдан 20-февралга чейин жабык болот.
Бул убакыт аралыгында адамдар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт.
Мунун себеби Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

