Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы боюнча кайрылуу жасады

Аны журналист Нургазы Анаркулов жарыялады. Кайрылууда Ташиев президенттин уруксаты менен Германияга дарыланганы барганын, иштен алынганы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилеген. 

“Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгилик каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болушу үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!” — деген Ташиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *