Бишкек мэриясы коомдук автобустардын айдоочулугуна чет элдиктерди алууну караштырууда

Айбек Жунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын жаңы директору Бактияр Болотбековду тааныштырды. Ага чет өлкөлүк айдоочуларды жумушка тартуу шарттарын иликтеп, шаардык кызматтардын кызматкерлеринен айдоочулардын резервин түзүүнү тапшырды.

Жыйында айрым айдоочулар 100-140 миң сом айлык алуу үчүн саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштеп жатканы тууралуу маалыматты текшерүү милдети коюлду.

Ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду, ал эми автобустары айып короого токтотулса, анын чыгымын да өздөрү төлөй турганы эскертилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *