Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү БАЭде 4-ноябрдан кийин өтөт

Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, так күндү белгилөөдө майдандагы кырдаал да эске алынат. Азырынча европалык өкүлдөрдүн катышуусу тууралуу сөз боло элек. Ушаков делегациянын негизги курамы түзүлгөнүн, толугу менен жакын арада аныкталарын кошумчалады.

Кененирээк

Бишкек мэриясы коомдук автобустардын айдоочулугуна чет элдиктерди алууну караштырууда

Айбек Жунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын жаңы директору Бактияр Болотбековду тааныштырды. Ага чет өлкөлүк айдоочуларды жумушка тартуу шарттарын иликтеп, шаардык кызматтардын кызматкерлеринен айдоочулардын резервин түзүүнү тапшырды. Жыйында айрым айдоочулар 100-140 миң сом айлык алуу үчүн саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштеп жатканы тууралуу маалыматты текшерүү милдети коюлду. Ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду,…

Кененирээк

Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Анкарага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитине катышат. Анда аймактык жана эл аралык маселелер талкууланат. Жыйынтыгында Анкара декларациясына жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кененирээк

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиялары темир жол аркылуу жеткириле баштады

Бул тууралуу энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерине арналган кеңешмеде Мунай соодагерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди. Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарды негизинен Россиядан импорттоп келген. Учурда күйүүчү май Азербайжандан, Түркмөнстандан, Беларустан жана Түркиядан да ташылып келүүдө. Буга чейин Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдар автоунаалар менен жеткириле баштаган. Эми Кытайдан темир жол аркылуу да алгачкы…

Кененирээк