Бул тууралуу энергетикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерине арналган кеңешмеде Мунай соодагерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарды негизинен Россиядан импорттоп келген. Учурда күйүүчү май Азербайжандан, Түркмөнстандан, Беларустан жана Түркиядан да ташылып келүүдө.
Буга чейин Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдар автоунаалар менен жеткириле баштаган. Эми Кытайдан темир жол аркылуу да алгачкы көлөмдөр келе баштады.
Канатбек Эшатов Кыргызстанда дизель майы боюнча абал туруктуу экенин белгиледи. Ошол эле учурда бензиндин бир аз тартыштыгы байкалууда. Азырынча аны керектүү көлөмдө сатып алуу мүмкүн болбой жатат.
Ушуга байланыштуу Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүчүлөрдү издеп, импорттун көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылууда.


