Кыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайт

«Кыргызсуудолбоор» ААКсы Кытайдын Түндүк Кытай суу ресурстары жана гидроэнергетика университети менен кызматташуу меморандумуна кол койду.

Тараптар тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо жана суу чарбасына заманбап технологияларды киргизүү боюнча макулдашты.

15–24-октябрда Кытайга барган кыргыз делегациясы Нанкин шаарындагы Хохай университетине да барып, лабораториялар жана адистерди даярдоо борборлору менен таанышты. Ошондой эле студенттерди жана «Кыргызсуудолбоордун» кызматкерлерин Кытайда окутуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *