Жыл башынан бери өлкөдө жалпы 3 624 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе аз.
Жалпы 5 519 адам жаракат алып, 572 адам каза болгон. Алардын ичинде балдар катышкан 1015 жол кырсыгы катталып, 88 бала мерт болуп, 1140 бала жаракат алган.
Жол кырсыгы көп катталган аймактардын сап башында Бишкек шаары Чүй жана Ош облусу турат.
Ошондой эле мас абалындагы айдоочулардын катышуусунда 170 жол кырсыгы катталган.


