Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Анкарага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитине катышат. Анда аймактык жана эл аралык маселелер талкууланат. Жыйынтыгында Анкара декларациясына жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *