Slider

10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 224, Ош шаарында — 80, Чүй облусунда — 76, Ош облусунда — 47, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 27, Баткен облусунда — 10 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда 351 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан Кыргызстанда 5 киши каза болгон. Алардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда катталган.

Белгилей кетсек, күн сайын берилип жаткан статистикага караганда, акыркы учурларда Ош менен Жалал-Абадда вирус жугузгандардын саны өсүүдө. Мисалы, бүгүн Ош облусу менен Ош шаарында 127 кишиден вирус табылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *