Мамлекеттик циркке жетекчи болуп казак жараны дайындалды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Өлкө башчы жаңы жетекчиге цирк баштан-аяк оңдоп-түзөөдөн өтүп, өнөрпоздорго жана көрүүчүлөргө бардык шарт түзүлгөнүн айтты. Бирок буга карабастан жамаат ичинде ызы-чуу токтобой койгонун белгилеген. Маданий жай ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болушу керектигине токтолду.

Президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө аталган кырдаалга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынганы жана казак жараны Нурлан Конокбаев дайындалганы айтылат.

Ал Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *