Президент Садыр Жапаров мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги студенттердин стипендиясын көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Жогорулатуу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим алган студенттерге, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программаларында окугандарга тиешелүү болот.
Жаңы өлчөмдөр 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта колдонулат. Министрлер кабинетине 2027–2029-жылдардын республикалык бюджетинде зарыл каражатты кароо тапшырылды. Стипендиялар канча сомго көбөйөрү азырынча көрсөтүлгөн жок. Жарлык «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.


