Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 30-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды.
SpaceX космос тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат жана дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компаниялардын катарына кирет. Компания ракета алып жүрүүчүлөрдү, космостук кемелерди жана спутниктерди иштеп чыгат жана өндүрөт, учкучтуу космостук учууларды ишке ашырат жана Starlink глобалдык спутниктик байланыш системасын өнүктүрөт.
Мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.
Ракеталардын жүктөрдү орбитага чыгаруунун баасын төмөндөтүүгө жана учуруулардын жыштыгын көбөйтүүгө мүмкүндүк берген баскычтарын кайрадан пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду. Компаниянын өкүлдөрү долбоорлоодон жана айрым түйүндөрдү даярдоодон тартып, техниканы чогултуу жана сыноолорго даярдоого чейинки иштер кандай уюштурулганын түшүндүрүп беришти.







