Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль утту

Кыргыз балбаны грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмак чениндеги финалдык беттеште өзбекстандык спортчу Алишер Ганиев менен кез келди.

Жыйынтыгында 7:5 эсебинде утуп, алтын медалга ээ болду.Ал 60 кг чейинки салмакта 1/4 финалдык беттеште Түркмөнстандын балбанын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан болчу.
Бул Азия оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы. Мелдеш Япониянын Нагоя шаарында өтүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *