Жогорку Кеңештин комитети Камбар-Ата-2 ГЭСине кошумча суу агызуучу курулма куруу үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 50 миллион доллар насыя алуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.
Кошумча суу агызуучу курулма эмне үчүн керек?
Катуу сел жана суу ташкыны учурунда ашыкча сууну коопсуз агызуу жана ГЭСтин курулмаларын коргоо үчүн.
Учурда суу СЭВ жана биринчи гидроагрегат аркылуу чыгарылат. Алар секундасына 2,5–2,6 миң куб метр суу өткөрө алат. Ал эми катуу суу ташкынында суунун көлөмү секундасына 3,21 миң куб метрге чейин жетиши мүмкүн.
Жаңы курулма секундасына кошумча 1,11 миң куб метр суу өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Насыянын шарттары:
• Суммасы — 50 млн доллар;
• Мөөнөтү — 20 жыл;
• Жылдык пайыздык чени — 1%дан ашпайт;
• Жеңилдетилген мезгил — 5 жыл.
Долбоор ГЭСтин суу ташкыны учурундагы коопсуздугун жогорулатууга жана ашыкча сууну натыйжалуу чыгарууга багытталган.


