Өлкөнүн бардык аймактарында июнга чейин азык-түлүк саткан жарманкелери уюштурулат
Айыл чарба министрлиги бул аянтчаларда ишемби жана жекшемби күндөрү дыйкандар өндүргөн продукция элге түз жана жеткиликтүү баада сатыларын белгиледи. Ошондой эле министрлик негизги азык-түлүк боюнча тартыштык жоктугун, кор жетиштүү экенин кошумчалады. Ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Райондогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн расписание боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген. Жарманкеде азык-түлүктөр базардагыдан арзан…

