Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн форматы ишке киргизилди
Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун жаңы онлайн форматы ишке киргизилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми айдоочулук күбөлүктү жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат. Кызматты…

