Дубайдан Тель-Авивге бараткан учакта учкучтар мушташты

Flydubai авиакомпаниясынын Дубайдан Тель-Авивге бара жаткан жүргүнчү ташуучу учагы Сауд Арабиясына шашылыш конду.

Компания учкучтардын мушташынан улам өзгөчө кырдаал жаралганын тастыктады.

30-сентябрда Иорданиянын үстүнөн учуп бара жатканда экипаж алгач “өзгөчө кырдаал” (7700) кодун, кийин “7500” кодун иштеткен. Бул код учакты басып алуу же уурдоо аракетин билдирет. Андан кийин экипаж менен байланыш үзүлгөн.

Андан кийин учактын басып алынышы тууралуу маалыматтар четке кагылды.

Flydubai авиакомпаниясынын өкүлдөрү жана расмий тараптар билдиргендей, бортто учкучтардын ортосунда катуу чыр-чатак жана мушташ орун алган. ЖМКлардын маалыматына караганда, учакты Орусия жана Украинадан келген учкучтар башкарып жаткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, учак Сауд Арабиясында аэропортко аман-эсен конду. 174 жүргүнчү коопсуз жерде.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *