18-октябрда «Бишкек Арена» стадионунда колумбиялык ырчы Шакира «Las Mujeres Ya No Lloran World Tour» дүйнөлүк турунун алкагында концерт коёт. Президенттин иш башкармалыгы концертке билеттер 10-октябрда саат 09:00дөн тарта сатыкка чыгарыларын билдирди.
Билеттердин баалары төмөнкүдөй:
▪️Fanzone 1 / Fanzone 2 — 40 000 сом (сахнанын так алдында, туруп көрүүчү орундар)
▪️Ground admission — 27 000 сом (фан-зонанын артындагы негизги бий партери)
▪️Skybox — бир адамга 30 000 сом (15–20 кишилик өзүнчө VIP-ложалар)
▪️1-категория — 40 000 сом (сахнага эң жакын төмөнкү ярустагы отургучу бар орундар)
▪️2-категория — 34 000 сом (батыш бөлүктөгү, бурчтардагы жана борбордук орундар)
▪️3-категория — 28 000 сом (сахнанын маңдайындагы батыш трибуна)
▪️4-категория — 22 000 сом (2 жана 3-ярустар)
▪️5-категория — 13 500 сом (жогорку ярустар)
▪️Көрүнүшү чектелген орундар — 12 000 сом
Ал эми VIP премиум-билеттер кийинчерээк чектелген санда сатыкка чыгат.


