Белгилүү диктор менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 30-сентябрда Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Маркумдун тажыясына минкаб төрагасынын орун басары Улан Мамытканов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев баш болгон аткаминерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.
Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. Эмгек жолун 1959-жылы Кыргыз телевидениесинде диктор болуп баштап, көп жылдар бою телерадио тармагында эмгектенип, редактордук жана жетекчилик кызматтарды аркалаган.








