УКМК менен «Ош» бажысынын кызматкерлери «Бими Ош Сервис» бажы жайын текшерүү учурунда курал-жарак жана ок-дары катылган сейф табышкан.
Ал жердеги сейфтен 3 тапанча, 5 ок салгыч, ар кандай калибрдеги 100 патрон жана 3 рация алынган.
Учурда курал-жарактардын кайдан келгени жана аларды кимдер жашырганы такталууда.


