Кыргызстандын жаш кикбоксчулары Дүйнө чемпионатында 4 медаль утту

18-сентябрдан 27-сентябрга чейин Италиянын Езоло шаарында (Венеция) юниорлор жана кадеттер арасында кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионаты өттү.

Ага 80 өлкөдөн жаш спортчулар катышты.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасы жогорку чеберчиликти көрсөтүп, 4 медаль — 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло утту.

Алтын медалды Абуубакр Алимов (48 кг) алды.
Күмүш медалды Даниэль Дрожжаков (57 кг), Самир Лю (67 кг) утушту.

Ал эми Рабия Исраилова (44 кг) коло медаль утту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *