Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган.Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.

