Камчыбек Ташиевдин иши сотко өттү

Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Жактоочунун айтымында, Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярданууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда. Башкы прокуратура айыптоо актын бекитип, иш Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлгөн. Ташиев менен бирге дагы жети адам айыпталып жатат. Ошондой эле жактоочу ишке купуя макамы берилгендиктен сот жабык өтүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Кененирээк

АКШда кыргызстандык жаран төрт кишинин өлүмүнө айыпталууда

АКШнын Индиана штатында жол кырсыгы катталып, Кыргызстандын жараны Б.Б. кармалды. КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү окуянын бардык жагдайларын, кармалган жарандын укуктук макамын, ошондой эле ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүү маселелерин тактоодо.  Буга чейин АКШда жүк ташуучу унаа айдаган кыргызстандык каршы тилкеге чыгып, натыйжада 4 америкалык жаран каза болгону маалымдалган.

Кененирээк