Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча өнөктүк аяктады

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. «Унаа» мекемеси 1-апрелден тарта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн 1 389 сом алына турганын кабарлаган. Эски күбөлүктөрдү алмаштырууда 083-формасындагы медициналык маалымкат талап кылынбайт. Март айынын аягына чейин 335 миңге жакын айдоочу эски күбөлүктөрүн алмаштырууга жетишкен.

Кененирээк

Бишкекте 29 жаштагы бейтап бөйрөгүн акысыз алмаштырды

Операция Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жасалган. Бейтап 12 ай бою программалык гемодиализ алып келген. Ага бир тууган агасы донор болду. Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын январынан бери мамлекеттин эсебинен 41 кишинин бөйрөк алмаштырылган. Жалпысынан 2018-2026-жылдары борбордо 83 трансплантация болду.

Кененирээк

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт

Андан кийин күбөлүктү алмаштыруу 1 389 сом болот. Бирок 31-декабрга чейин күбөлүктү 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүн. Акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык айдоочулук күбөлүк жаңыртылганы кошумчаланды.

Кененирээк