Төө-Ашууга жаңы асфальт төшөлөт
Транспорт министрлиги Бишкек–Ош жолунун 130–чакырымынан 146-чакырымына чейин жаңы асфальт төшөлөрүн кабарлады. Муну менен катар «Сосновка» постунан Төө-Ашуунун түшө беришине чейинки жолдун жээгиндеги коопсуздук тосмолору алмаштырылып жатат. Министрлик алар дээрлик 20 жылдан бери алмаштырылбагынын кабарлады.

