Бишкек мэриясына 100дөн ашык жаңы автобустар жана атайын техникалар тапшырылды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшыруу аземине катышты. Иш-чара №1 кампанын аймагында өттү. «Бүгүн биз Бишкек мэриясына 95 жаңы заманбап автобусту, ошондой эле 42 даана атайын техниканы тапшырып жатабыз. Бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам….

