Жугуштуу оору жайылган өлкөлөрдөн мал жана алардан алынган азыктардын импортуна чектөө киргизилет

Айыл чарба министрлиги ветеринардык-санитардык көзөмөл күчөтүлгөнүн белгиледи. Маалымдалгандай, жугуштуу оорулар катталган өлкөлөр же аймактардагы эпизоотиялык кырдаалга баа берилип, ал жактардан ташылып келүүчү жаныбарларды жана алардан алынган продукцияларды өлкө аймагына алып кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул чаралар өлкөдө эпизоотиялык туруктуулукту сактоого, калктын саламаттыгын жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталганы кошумчаланды.

Кененирээк