Бишкектин биринчи вице-мэри алмашты
Шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин буйругу менен анын биринчи орун басары болуп Кубанычбек Иманалиев дайындалды. Буга чейин Бишкектин биринчи вице-мэри кызматын аркалап келген Мирланбек Байгончоков 17-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми Кубанычбек Иманалиев 2023-жылдын февралынан 2026-жылдын февралына чейин Манас шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.


