Кыргызстанда киберспортту расмий спорт түрү катары таануу сунушталууда
Кыргызстанда киберспортту расмий түрдө таанып, аны өнүктүрүүнү каалашууда. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешев акыркы жылдары дүйнөдө Dota 2, Fortnite жана башка оюндар боюнча чоң турнирлер өтүп, алардын байге фонддору миллиондогон долларларга жеткенин эске салды. Документте мектептик жана студенттик лигаларды өнүктүрүү, улуттук курамаларды түзүү жана жашы жете электер үчүн өзүнчө эрежелерди киргизүү да каралган. Киберспорт…

