Дзюдочу Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль алды
Словениянын борбору Любляна шаарында Ljubljana European Open-2026 аттуу Европа кубогу өттү. Анда кыргызстандык Эрлан Шеров 90 килограмм салмак ченинде күч сынашып, алтын медаль тагынды. Мелдеш 14–15-февраль күндөрү өттү. Ага 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.

