Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча өнөктүк аяктады
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. «Унаа» мекемеси 1-апрелден тарта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн 1 389 сом алына турганын кабарлаган. Эски күбөлүктөрдү алмаштырууда 083-формасындагы медициналык маалымкат талап кылынбайт. Март айынын аягына чейин 335 миңге жакын айдоочу эски күбөлүктөрүн алмаштырууга жетишкен.

