Садыр Жапаров Азербайжан Республикасына иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров 17-майда Азербайжан Республикасына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын саламаттыкты сактоо министри Теймур Мусаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышат. Белгилей…

Кененирээк

Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди

«Манас» эл аралык аэропортунда Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат….

Кененирээк