Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу 2028-жылы аяктайт
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси элдин суранычын эске алуу менен, ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин жол убактылуу ачыларын билдирди. Бирок айрым тилкелерде таш кулоо, тоо көчүп кетүү тобокелдиги бар экенин эскертти. Анын айтымында, жол ноябрь айынан баштап 2027-жылдын май айына чейин кайра жабылат. Анын курулушу 2028-жылы толук аяктайт. Ага чейин кемчиликтери жоюлуп, кооптуу аймактар…

