Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм ишке кирди
Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм мүмкүнчүлүгү ишке кирди. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирди. Алгачкы транзакциялар QR-коддор, улуттук төлөм системалары жана Binance Pay аркылуу ийгиликтүү жүргүзүлдү. Эми өлкө боюнча соода жайларында товарларды криптовалюта менен төлөөгө шарт түзүлдү.

