«Кыргызстан аэропортторунун» таза кирешеси 4,2 млрд сом болду
Бүгүн Кыргызстандын жарандык авиациясына 93 жыл толду. Мунун алкагында Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев «Манас» эл аралык аэропортунда түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып чыкты. Статистикалык маалыматтар боюнча, «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын быйылкы 9 айдагы таза кирешеси 4,2 млрд сомду түздү. Аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 9,8 млрд сомдон ашык каражат инвестицияланган. Ошондой эле быйыл «Asman Airlines» авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5…


