Мектептердин аймактарындагы соода түйүндөрүндө зыяндуу азыктарды сатууга тыюу салынууда

Ош шаарындагы мектептердин аймактарынан 100 метр радиуста жайгашкан соода объекттеринде зыяндуу тамак-аш азыктарын сатууга тыюу салуу боюнча рейддик иш-чаралар башталды. Анын алкагында санитардык-эпидемиологиялык кызмат (СЭС) тарабынан зыяндуу деп табылган азыктар сатуудан алынып салынды. Бул чаралар мектеп окуучуларынын ден соолугун коргоо максатын көздөйт. Белгилей кетсек, соода түйүндөрүнүн ээлерине жогорудагы талаптарды сактоо боюнча алдын ала эскертүүлөр берилген.

Кененирээк