Сергей Безруков Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасмага тартылууда
Белгилүү актёр Сергей Безруков Чыңгыз Айтматов тууралуу тартылып жаткан көркөм тасмага катышууда. Ал Россия мамлекеттик китепканасында тартылган видеону бөлүшүп, режиссёр Каныбек Калматовдун «Айтматов» долбооруна жардам берип жатканын билдирди. Режиссёрдун айтымында, Сергей Безруков анын дебюттук тасмасында роль да жаратат. Каныбек Калматов фильм 22-октябрда прокатка чыгарын белгиледи.


