ИИМ Бекболот Талгарбековдун үйүндө тинтүү жүрдү деген маалыматты четке какты
Буга чейин коомдук ишмердин уулу атасын эрте менен суракка алып кетишкенин, үйдө бир нече милиция кызматкери калганын, алар тинтүү жүргүзүшү мүмкүн экенин айткан. Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырган петицияга кол койгондордун бири болгон. Белгилей кетчү нерсе, ал 2016-жылы төңкөрүш жасоого шектелип кармалган. Талгарбеков “мөөнөтүнөн мурда шайлоо” өткөрүүнү демилгелеген топтун башында болгону айтылган. Президент да…

