Жүргүнчүлөр эми “Манас” аэропортуна жаңы жерден кирип-чыгышат

Аэровокзал комплексинин жаңы бөлүгү пайдаланууга берилип, кирүү жана чыгуу батыш тарабында жайгашты. Реконструкциянын алкагында жаңы күтүү залдары жана каттоо аймактары иштей баштап, стерилдүү зона жаңыланды. Бул аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртат. Аэровокзалдын эски бөлүгү реконструкцияга жабылды.

Кененирээк

Социалдык фонд пенсияны тейлөөнү санариптештирүүдө

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алып, жаңы автоматташтырылган маалыматтык система менен таанышты. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жаңы система пенсияны жол-жоболоштурууну жеңилдетет: кагаз документ чогултуунун кереги жок, маалыматтар автоматтык түрдө топтолот жана арыздарды кароо мөөнөтү кыскарат. Мындан тышкары, персоналдык маалыматтарды коргойт жана киберкоркунучтарга туруктуу экени айтылды. Санариптештирүү коррупциялык тобокелдиктерди…

Кененирээк