Улуттук банк ШКУнун 25 жылдыгына карата күмүш тыйын чыгарды
Быйыл Кыргызстан уюмга төрагалык кылууда. Тыйындын алдыңкы бетинде ШКУнун эмблемасы жана мүчө мамлекеттердин желектери түшүрүлгөн. Арткы бетинде катышуучу өлкөлөрдүн карталарынын фонунда Кыргызстандын герби чегилген. Тыйындын салмагы — 28,3 грамм, номиналы — 10 сом.


