Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Бул маалыматты бүгүн президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Кубатов 2016-2019-жылдары Кыргызстандын «Центерра голд» компаниясынын директорлор кеңешинде мүчө болгон. Андан мурун атайын кызматта эмгектенген. 54 жаштагы Кубатов 2021-жылы жер шарынын эң бийик чокусу Эверестти былтыр дүйнөдөгү эң татаал делген К2 чокусун кычкылтек жабдуусун колдонбой багындырган.

Кененирээк