1-Май — Эмгек майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Ар бир эмгек адамга бакубат жашоо, ийгилик жана өнүгүү алып келсин. Мээнетиңиздер ар дайым бааланып, ишиңиздерге береке, үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайбыз. Ден соолук, тынчтык жана жаңы жетишкендиктер арбын болсун! Аталган майрам азыр дүйнөнүн ондогон мамлекетинде белгиленип келет. Россияда жаз жана эмгек, Казакстанда эл биримдигинин күнү катары белгиленет. Ал эми Беларусь, Кытай, Пакистан жана Шри-Ланкада эмгек күнү…

Кененирээк

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды. Жумушсуз деп катталгандар 38 миң  100 адамды түзүп, бир жылда 22 пайызга кыскарган. Жалпысынан 17,5 миң жаран ишке орноштурулду.

Кененирээк