Россиялык дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус «Өчпөс оттун» бөлүкчөсүн Ошко алып келди
Акциянын максаты — Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тарыхый эс тутумду сактоо. «Эскерүү оту» Москвадагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү “Өчпөс оттон” тутандырылган. Мындан ары ал өлкөнүн башка шаарларын да кыдырат.


